Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Таш-Булак айылдык Кеңешинин «Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылындагы 12,0 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө» токтому
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VI-ЧАКЫРЫК V СЕССИЯСЫ
2017-жылдын 18-марты № 05 «Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылындагы 12,0га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын прокуратурасынын 2017-жылдын 13-март №11/1-7-319-17 сандуу сунушу, Ош областынын райондор аралык сотунун 2015-жыл 22-декабрындагы №АД-000526/15 сандуу чечими, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2016-жылдын 8-июлундагы №АД00526/15 МО К/О №6-635/16 АД аныктамасынын негизинде Таш-Булак айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Эшме” участкасынан Б.Батировго берилген 12,0га жер аянты мамлекеттик фонду жерлерин көп жылдык бак- дарак ээлеген жерлерине кайтарып баланска алынсын.
2. Керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жана каттоодон өткөрүү Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Ташлановго милдеттендирилсин.
3. Мамлекеттик фондко алынган 12,0га жер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-ж.№1997-III токтомунун негизинде пайдаланууга берүү айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Мамлекеттик фондко алынган 12,0 жер аянтын каттоодон өткөрүү Сузак райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөтүлсүн.
Төрага
Шермат уулу Алмаз
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.