# КР Президентинин 2003-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 305 "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматында кадр ишинин кээ бир маселелери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-июлундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Указы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2003-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 305 "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматында кадр ишинин кээ бир маселелери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-июлундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Указы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 305
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4041>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1719/edition/613315/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4041.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2003-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 305 "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматында кадр ишинин кээ бир маселелери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-июлундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Указы (03.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4041

---

КР Президентинин 2015-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 12 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2003-жылдын 16-сентябры ПЖ № 305 Кыргыз Республикасынын Чегара кызматында кадр ишинин кээ бир маселелери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-июлундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а. 2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 273 Жарлыгынын, 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)

Мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу, жетекчиликтин түзүмүн өркүндөтүү жана функционалдык милдеттерин тартипке салуу, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын мамлекеттик кызмат орундарына бирдиктүү квалификациялык талаптарды белгилөө максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын жогорку офицерлер курамы ээлеген аскердик кызмат орундардын тиркелген Тизмеси бекитилсин.

2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. (Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а. 2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 273 Жарлыгына ылайык күчүн жоготкон)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 16-сентябрындагы № 305 Жарлыгынын тиркемеси

Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын

жогорку офицерлер курамындагы адамдар ээлеген

аскердик кызмат орундарынын

ТИЗМЕСИ

| Катар | Кызмат орундарынын аталышы | Кызмат |
| --- | --- | --- |
| № |  | орундарынын |
|  |  | саны |
| 1 | Чегара кызматынын төрагасы | 1 |
| 2 | Штабдын зардалы - Чегара кызматынын төрагасынын | 1 |
|  | биринчи орунбасары |  |
| 3 | Чегара кызматынын төрагасынын орунбасары | 3 |
| 4 | Түштүк региондук башкарманын зардалы | 1 |
| 5 | Башкы башкарманын зардалы | 4 |
