# Александровка айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 101 "Крупский айылынын жайыт комитетине жалпы аянты 61 га жер участкасын бөлүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Александровка айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 101 "Крупский айылынын жайыт комитетине жалпы аянты 61 га жер участкасын бөлүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 10.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/404097>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-42394/edition/871109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/404097.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Александровка айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 101 "Крупский айылынын жайыт комитетине жалпы аянты 61 га жер участкасын бөлүү жөнүндө" токтому (10.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/404097

---

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Айылдык Кеңешинин сессиясынын XXVI чакырылыштагы 2016-жылдын 10-ноябры № 101 Крупский айылынын жайыт комитетине жалпы аянты 61 га жер участкасын бөлүү жөнүндө

Крупский айылынын 2016-жылдын 2-ноябрындагы жыйынынын №1 протоколунун негизинде жана Крупский айылыныдагы малдын башынын көбөйүшүнө жана коомдук малды кайтаруучу айылдык жайыттын жоктугуна байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине, 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Крупский айылынын жайыт комитетине сугат жерлеринен №76 контурдан (14,1 га), 77-контурдан (19,4 га), 96-контурдан (24,1 га), 97-99 -контурлардан(3,4 га) жалпы аянты 61 га жер участкасы 5 жылга жер салыгын төлөө менен, жана социалдык фондко төлөм которуу менен ижара төлөмүнөн бошотулушу менен Крупский айылынын жайыт комитетине бөлүнүп берилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысы жогорудагы көрсөтүлгөн жерге ижара келишимин түзсүн.

3. Александровка айыл аймагынын жайыт комитети келишимди Москва райондук мамлекеттик каттоо органынан каттоодон өткөзүүгө милдеттеринсин.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык Кеңешинин жер комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Ш. Ягузов
