Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Александровка айылдык Кеңешинин «Крупский айылынын жайыт комитетине жалпы аянты 61 га жер участкасын бөлүү жөнүндө» токтому
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Айылдык Кеңешинин сессиясынын XXVI чакырылыштагы 2016-жылдын 10-ноябры № 101 Крупский айылынын жайыт комитетине жалпы аянты 61 га жер участкасын бөлүү жөнүндө
Крупский айылынын 2016-жылдын 2-ноябрындагы жыйынынын №1 протоколунун негизинде жана Крупский айылыныдагы малдын башынын көбөйүшүнө жана коомдук малды кайтаруучу айылдык жайыттын жоктугуна байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине, 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Крупский айылынын жайыт комитетине сугат жерлеринен №76 контурдан (14,1 га), 77-контурдан (19,4 га), 96-контурдан (24,1 га), 97-99 -контурлардан(3,4 га) жалпы аянты 61 га жер участкасы 5 жылга жер салыгын төлөө менен, жана социалдык фондко төлөм которуу менен ижара төлөмүнөн бошотулушу менен Крупский айылынын жайыт комитетине бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы жогорудагы көрсөтүлгөн жерге ижара келишимин түзсүн.
3. Александровка айыл аймагынын жайыт комитети келишимди Москва райондук мамлекеттик каттоо органынан каттоодон өткөзүүгө милдеттеринсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык Кеңешинин жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Ш. Ягузов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон