# Александровка айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 10-октябрындагы № 92 "Александровка айыл аймагында 2017-жылга калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Александровка айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 10-октябрындагы № 92 "Александровка айыл аймагында 2017-жылга калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/404095>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-42392/edition/871038/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/404095.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Александровка айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 10-октябрындагы № 92 "Александровка айыл аймагында 2017-жылга калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө" токтому (10.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/404095

---

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Айылдык Кеңешинин сессиясынын XXVI чакырылыштагы 2016-жылдын 10-октябры № 92 Александровка айыл аймагында 2017-жылга калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө

Александровка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча жетектөөчү адиси Н.Р.Никеевдин маалыматын угуп чыгып. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 4-бөлүгүнүн 339-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 7-бөлүгүнүн 3-беренесине ылайык жана калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициенттин керек болгондугуна байланыштуу: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Александровка айыл аймагынын калк конуштарындагы короо участкаларын, бакча короо участкаларын, үйдүн алдындагы участкаларын колдонуу үчүн К-3 зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:

Александровка айылы – 1,0 Беш-Көрүк айылы - 1,0 Крупский айылы - 1,0

2. Александровка айыл аймагынын калк конуштарындагы айыл чарбага дайындалбаган жерлерин колдонуу үчүн К-3 зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:

Александровка айылы – 1,2 Беш-Көрүк айылы - 0,9 Крупский айылы - 1,1

3. Салык бөлүмүнүн адистерине күнүмдүк иштеринде жогоруда көрсөтүлгөн коэффициентин жетекчиликке алуу сунушталсын.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык Кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрагасы М.Ю.Давузовко жүктөлсүн.

Төрага

Ш. Ягузов
