# Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 29-декабрындагы № 10/3 "Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 29-декабрындагы № 10/3 "Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/3
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/404046>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-42344/edition/869800/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 29-декабрындагы № 10/3 "Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (29.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/404046

---

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ X кезектеги сессиясы XXVII чакырылыш 2017-жылдын 29-декабры № 10/3 Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын 2017-жылдагы бюджетте каралган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш, архитектура, муниципалдык менчик, курулуш жана транспорт боюнча комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1-март 2017-жылдагы №131 токтомуна ылайык чиндерге кошумча акча каражаты төлөнүп берилгендиктен, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна бекитилген 2111 статьясында каралган жана эконом болгон 8,9 миң сом акча каражаты 2121 статьясына жылдырылып, бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.

Төрага

Т. Сыдыкбеков
