# БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2009-жылдын 2-декабрындагы N 111 "Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2009-жылдын 2-декабрындагы N 111 "Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/403293>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-42112/edition/878485/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/403293.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2009-жылдын 2-декабрындагы N 111 "Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтому (20.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/403293

---

2011-жылдын 20-декабрындагы N 289 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ 2009-жылдын 2-декабры N 111 Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы N 57 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү жол-жобосунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин кирешелерин тескөөнү оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 10-июнундагы N 454 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги N 170 "Бишкек шаарындагы жер участокторуна менчик укуктарды сатуу тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы А.Суракматов

Бишкек шаардык кеңештин 200-жылдын 2-декабрындагы N 111 токтомуна тиркеме

Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын КУРАМЫ

1. Комиссиянын төрагасы - муниципалдык мүлк, архитектура, курулуш, шаарды өнүктүрүү жана реконструкциялоо маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри.

2. Комиссиянын төрагасынын орун басарлары:

- биринчи орун басар - Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги;

- орун басар -Бишкек шаарынын архитектура жана шааркурулуш башкармалыгынын (Бишкекбашкыархитектуранын) начальниги.

3. Комиссиянын катчысы - Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жер маселелери боюнча орун басары.

4. Комиссиянын мүчөлөрү:

- Бишкек шаарынын Архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгынан (Бишкекбашкыархитектура) - 1 (макулдашуу боюнча);

- Бишкек шаардык кеңештен - 5 депутат (макулдашуу боюнча);

- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыктан - 1(макулдашуу боюнча);

- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынан (юрист)- 1;

- "Бишкексууканал" ӨЭБсынан - 1;

- "Бишкекжылуулуктармак" ААКсынан -1,

- "Түндүкэлектр" ААксынан-1;

- Бишкек шаардык айлана - чөйрөнү коргоо боюнча инспекциядан -1;

- Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынан - 4;

- Бишкек шаары боюнча салыктар жана жыйымдар боюнча Мамлекеттик комитети башкармалыгынан - 1 (кеңешүү добушу укугу менен).

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси С.Шкуропатов
