Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН «Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-12-20.
2011-жылдын 20-декабрындагы N 289 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ 2009-жылдын 2-декабры N 111 Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы N 57 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү жол-жобосунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин кирешелерин тескөөнү оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 10-июнундагы N 454 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги N 170 "Бишкек шаарындагы жер участокторуна менчик укуктарды сатуу тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы А.Суракматов
Бишкек шаардык кеңештин 200-жылдын 2-декабрындагы N 111 токтомуна тиркеме
Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын КУРАМЫ
1. Комиссиянын төрагасы - муниципалдык мүлк, архитектура, курулуш, шаарды өнүктүрүү жана реконструкциялоо маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри.
2. Комиссиянын төрагасынын орун басарлары:
- биринчи орун басар - Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги;
- орун басар -Бишкек шаарынын архитектура жана шааркурулуш башкармалыгынын (Бишкекбашкыархитектуранын) начальниги.
3. Комиссиянын катчысы - Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жер маселелери боюнча орун басары.
4. Комиссиянын мүчөлөрү:
- Бишкек шаарынын Архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгынан (Бишкекбашкыархитектура) - 1 (макулдашуу боюнча);
- Бишкек шаардык кеңештен - 5 депутат (макулдашуу боюнча);
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыктан - 1(макулдашуу боюнча);
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынан (юрист)- 1;
- "Бишкексууканал" ӨЭБсынан - 1;
- "Бишкекжылуулуктармак" ААКсынан -1,
- "Түндүкэлектр" ААксынан-1;
- Бишкек шаардык айлана - чөйрөнү коргоо боюнча инспекциядан -1;
- Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынан - 4;
- Бишкек шаары боюнча салыктар жана жыйымдар боюнча Мамлекеттик комитети башкармалыгынан - 1 (кеңешүү добушу укугу менен).
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси С.Шкуропатов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 9 апреля 2003 года № 170 "О порядке и условиях продажи прав собственности на земельные участки в г.Бишкек"Постановление · 09.04.2003 · № 170 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык- курулуштук ниеттерди…Постановление · 05.02.2004 · № 57 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 10-апрели №454 "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 170 "Бишкек шаарындагы жер участокторуна менчик укуктарды…Постановление · 10.06.2008 · № 454 · Күчүн жоготкон