# Кайынды шаардык кенешинин 06. 02. 2018 ж. № 48/XVII–1 "Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайынды шаардык кенешинин 06. 02. 2018 ж. № 48/XVII–1 "Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: № 48/XVII–1
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/403193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-42016/edition/870194/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/403193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайынды шаардык кенешинин 06. 02. 2018 ж. № 48/XVII–1 "Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө" токтому (06.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/403193

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

06.02.2018ж. № 48/XVII–1

Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011 - жылындагы 30 – июнундагы № 62 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү үчүн шайлоо комиссиялары тууралуу” мыйзамынын 19 беренесинин 1 бөлүмүнүн, ошондой эле “Шайлоо комиссиясын түзүү жана таратуу ирээти жөнүндө” 2011 – жылынын 8 – июлундагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү үчүн түзүлгөн № 7 Борбордук комиссиянын токтому менен бекитилген жобонун негизинде, ошондой эле Панфилов райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көргөзүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жана протоколдорду карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:

1.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү талапкерлер сунушталсын: шайлоочулардын чогулушунан - Жаналиева Назгуль Жеңишбековна, Сейтимбетова Алтынай Айтбековна, Исаева Алина Романовна.

2.Кайыңды шаардык кеңешине сессиянын токтомун, чогулуштун протоколдорун жана көргөзүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кенешинин жооптуу катчысы Сыдыгалиева А.К. га жүктөлсүн.

Төрага

У.Б. Абдрасулов
