# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 31-январындагы № 19 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 31-январындагы № 19 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402904>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2756/edition/839209/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/402904.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 31-январындагы № 19 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому (11.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402904

---

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2016 жылдын 11 октябрындагы №155 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ деп табылсын

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 31-январы № 19 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу жөнүндө" Жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси А.Т.Асаналиевге жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
