# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-январындагы № 16 "Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун бар экендиги жөнүндө кабарлоо формасын бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-январындагы № 16 "Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун бар экендиги жөнүндө кабарлоо формасын бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402901>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2753/edition/364505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/402901.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-январындагы № 16 "Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун бар экендиги жөнүндө кабарлоо формасын бекитүү тууралуу" токтому (25.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402901

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-январы № 16 Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун бар экендиги жөнүндө кабарлоо формасын бекитүү тууралуу "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2, 3, 4-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 15-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун бар экендиги жөнүндө кабарлоо формасы бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-январындагы № 16 токтому менен бекитилген

Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун бар экендиги жөнүндө кабарлоо

Урматтуу\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Ф.А.Ж.) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Сиз Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине киргизилдиңиз. № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шайлоо участогу (участоктун аталышы) Дареги\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (шайлоо участогунун дареги)

Шайлоо участогунун иш тартиби күн сайын саат 09.00дөн саат 18.00гө чейин.

Участкалык шайлоо комиссиясы

Шайлоочулар-жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү үчүн

ЭСКЕРТМЕ

Урматтуу шайлоочу! Өзүңүздү шайлоочулардын тизмесинен текшериңиз жана жеке маалыматтарыңызды тактаңыз. Жаныңызда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта, каттоосу бар паспорт) болуусу зарыл. Эгерде Сиз шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү таппай калсаңыз же Сиз жөнүндө маалыматта так эместиктер бар болсо, Сиз участкалык шайлоо комиссиясына 2012-жылдын 23-февралына чейин бул тууралуу жазуу түрүндө кайрылууга укуктуусуз. Участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу 2012-жылдын 22-февралында аяктайт. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13 беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүүгө укуктуу.

Участкалык шайлоо комиссиясы
