# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-январындагы № 13 "Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 13-январындагы №№ 2, 3-чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-январындагы № 13 "Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 13-январындагы №№ 2, 3-чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402898>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2750/edition/362212/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/402898.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-январындагы № 13 "Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 13-январындагы №№ 2, 3-чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (18.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402898

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 18-январы № 13 Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 13-январындагы №№ 2, 3-чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 7, 8-бөлүктөрү бузулгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 26-пункттарына, 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Т.А.Элебесовду Кара-Балта мэринин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндө" Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 13-январындагы № 2 чечими жокко чыгарылсын.

2. "М.Cагынбаевди Кара-Балта мэринин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндө" Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 13-январындагы № 3 чечими жокко чыгарылсын.

3. Бул токтом Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
