# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 11-январындагы № 8 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чектерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 11-январындагы № 8 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чектерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402893>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2745/edition/362200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/402893.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 11-январындагы № 8 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чектерин бекитүү жөнүндө" токтому (11.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402893

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 11-январы № 8 Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чектерин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 5, 6-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чектери бекитилсин (тиркелет).

2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чектери 2012-жылдын 17-январына чейин "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 22-августундагы № 178 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын тизмелерин жана чектерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
