# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 11-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.У.Жапаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 11-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.У.Жапаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402886>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2740/edition/364257/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/402886.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 11-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.У.Жапаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (11.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402886

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 11-январы № 2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.У.Жапаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 24-декабрындагы ПЖ № 52 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.У.Жапаров Кыргыз Республикасынын Финансы министринин кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн анын арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ар-Намыс" саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жапаров Акылбек Усенбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жапаров Акылбек Усенбековичтин № 056 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
