Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын 2008-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша КР от 25 марта 2011 года № 266-V "О признании утратившими силу некоторых постановлений Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-03-25.
КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 266-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2010-жылдын 11-марты № 1717-IV "Кыргыз Республикасынын 2008-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2009-жылдын 15-майындагы № 291 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2008-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин натыйжалары боюнча белгиленген кемчиликтерди четтетсин;
- контролдук иш-чаралардын натыйжалуулугунун деңгээлин жогорулатып, ошондой эле кызмат адамдарынын бюджет жана бюджеттен тышкаркы фонддор жөнүндө мыйзамдардын, салык жана бажы мыйзамдарынын талаптарын бузгандык жана контролдоочу органдардын талап каттарын аткарбагандык үчүн жоопкерчилигинин чараларын күчөтсүн;
- көрүлгөн чаралардын натыйжалары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетине 2010-жылдын 15-майына карата берсин.
3. Мамлекеттик каражаттарды чыгымдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жана сарамжалдуулугун талдоону, бюджеттин резервдерин мүмкүн болуучу көбөйүшүнө жана алардын министрликтер менен ведомстволор тарабынан чыгымдалышынын негиздүүлүгүнө баа берүүнү жүргүзүүгө багытталган ишти күчөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Финансылык полиция мамлекеттик кызматы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жана Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан аларга берилген материалдар боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматты 2010-жылдын майынын ичинде берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
Ч. Баекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- 2008-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралууЗакон · 26.07.2011 · № 135
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 266-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдорун күчүн жоготту ден табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2011 · № 266-V
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-майындагы №291 "2008-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу" токтомуПостановление · 15.05.2009 · № 291 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 токтому менен бекитилген )Положение · 27.09.2012 · № 664 · Күчүн жоготкон