# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 5-февралынын №1663-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Б.Кадыровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 5-февралынын №1663-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Б.Кадыровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1663
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402744>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15125/edition/331570/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/402744.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 5-февралынын №1663-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Б.Кадыровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" Токтому (05.02.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402744

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 5-февралы № 1663-IV

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

депутаты К.Б.Кадыровдун ыйгарым укуктарын

мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинин 2-пунктуна,

Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси-

нин 78-беренесинин 3-пунктунун "и" пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна, "Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мынын 239-беренесинин 9-пунктуна жана 240-беренесине ылайык Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Кубанычбек

Бекбосунович Кадыровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

жөнүндө сунуштама чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Депутаттык этика

жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин регламенти боюнча комите-

тинин корутундусу менен киргизилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин Төрагасы З.Курманов
