Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө» Токтому
Бишкек шаары
2010-жылдын 29-январы № 1648-IV
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Ү.Жапаров-
дун жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри И.Р.Айдаралиевдин
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалыматтарын угуп
жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Ү.Жапа-
ровдун жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри И.Р.Айдаралиев-
дин "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалыматтары эске
алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын толук көлөмдө камсыз кылсын;
- 2011-жылга карата кант жана өсүмдүк майы боюнча импорттун салыш-
тырма салмагын ички рыноктун көлөмүндө 2 эсеге же тиешелүүлүгүнө жараша
47 жана 35 пайызга төмөндөтүү боюнча чаралардын комплексин кабыл алсын;
- 2010-2011-жылдарда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын айма-
гына ташып келинүүчү генетикалык модификацияланган азыктарды аныктоо
боюнча заманбап лаборатория куруу жөнүндө маселени карасын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Төрагасынын орун басары Ч.Баекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 183