Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин «Республиканын экономикасынын тармактары менен калкын 2009-2010-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча жана Токтогул суу сактагычында суунун зарыл болгон көлөмүн топтоо боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралу» токтому
Бишкек шаары
2009-жылдын 25-сентябры № 1399-IV
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ
Республиканын экономикасынын тармактары менен калкын
2009-2010-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата
даярдоо боюнча жана Токтогул суу сактагычында
суунун зарыл болгон көлөмүн топтоо боюнча
чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн маалыматы тууралу
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - Кыргыз Рес-
публикасынын суу-энергетикалык кырдаалын турукташтыруу боюнча, ошондой
эле экономикасынын тармактары менен калкын 2009-2010-жылдардын
күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча республикалык штабдын төра-
гасы Ө.Т.Бабанов менен Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана
отун ресурстары министри И.А.Давыдовдун маалыматтарын угуп жана талкуу-
лап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши алдыда турган жылытуу мезги-
линин туруктуу өтүшүн камсыз кылуу максатында өткөн жылдардын тажрыйба-
сына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамле-
кеттик администрациялардын органдары, энергетика компаниялары тарабынан
даярдоо жумуштарын жүргүзүү боюнча белгилүү чаралар көрүлүп жаткандыгын
белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2009-жылдын 7-майында
"Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары менен калкын
2009-2010-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо жана Токтогул
суу сактагычында суунун зарыл болгон көлөмүн топтоо боюнча чаралар
жөнүндө" токтом кабыл алынып, анда министрликтер, мамлекеттик комитет-
тер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары,
Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, акционердик коомдор үчүн иш-чара-
лардын планы бекитилип, ошондой эле айкын милдеттер коюлган.
Контролдоону жүзөгө ашыруу максатында өтүп жаткан жылдын 28-авгус-
тунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналышында мурда кабыл алынган
токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маселе каралган.
Өткөн жылдын күзүндө киргизилген электр энергиясын керектөөнүн ли-
мити, ошондой эле жагымдуу метеорологиялык шарттар Токтогул суу сакта-
гычындагы суунун топтолуу көлөмүн олуттуу жогорулатууга мүмкүнчүлүк бе-
рип, ал 2009-жылдын 23-сентябрына карата 12,582 млрд.куб метрди түзгөн,
мунун өзү өткөн жылдагы дењгээлге салыштырганда 2,96 млрд.куб метрге
көп.
"Кыргызстандын УЭТ" АКсы тарабынан жабдууларды жана электр тармак-
тарын капиталдык ремонттоодо 14,1 млн.сом өздөштүрүлүп, Өкмөттүн тап-
шырмасында көрсөтүлгөн кичи станциялардын баары ремонттолуп бүткөн.
"Кыргызстандын УЭТ" электр тармактарында электр энергиясынын жого-
тууларын төмөндөтүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралардын планын иш-
ке ашыруунун натыйжасында тармакка берилген электр энергиясынын жоготу-
уларынын пландык тапшырмасы 7,61% болсо, ал 5,94%ды түзгөн.
Кыргыз Республикасы боюнча электр энергиясынын кубаттуулуктарын
керектөөнүн максимуму алдыдагы жылытуу мезгилинде 2660 мВт көлөмүндө
болушу күтүлөт, мунун өзү 2008-2009-жылдардын жылытуу мезгилинин ичин-
дегиге караганда 353 мВт га көптүк кылат.
Энергияны сактоочу технологияларды жайылтуунун, кызытуу лампаларын
энергияны сактоочуларга алмаштыруунун натыйжасында өтүп жаткан жылдын 8
айынын ичинде электр энергиясын үнөмдөө 172 мињ кВт/саатты түзгөн.
"Кыргызгаз" АКсы жылдын башталышына салыштырганда керектелип жат-
кан жаратылыш газы үчүн каражаттарды жыйноону 41,3 млн.сомго көбөйтүп,
газ керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы азайган.
"Бишкекжылуулуктармагы" ААКсы да өтүп жаткан жылда мурдагы жылга
салыштырганда берилген жылуулук энергиясы үчүн дебитордук карызды
16,1%га төмөндөткөн.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрликтер жа-
на ведомстволор, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан 2009-2010-жыл-
дардын жылытуу мезгилине карата даярдык боюнча жүргүзүлүп жаткан иши
тынчсызданууну туудурат.
Электр энергиясынын керектөө лимитинен чыкпоого умтулуп,
бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилери көпчүлүк учурларда "кыдырата
өчүрүүлөрдүн" терс практикасына берилип кетип, анын айынан өтүп жаткан
жылда керектөөчүлөргө 41,5 млн. кВт/саат электр энергиясы берилбей кал-
ган.
2009-жылга Бишкек шаарынын ЖЭБсындагы ремонттук жумуштардын графи-
гине ылайык 12 от казан агрегатын, 11 түтүк агрегатын жана түтүк гене-
раторлорун ремонттоону аткаруу пландаштырылууда. Алгачкы бизнес-план
боюнча чыгымдардын суммасы 773,1 млн.сомду, ал эми түзөтүү киргизилген
бизнес-план боюнча 478,5 млн.сомду түзгөн. 2009-жылдын 1-сентябрына ре-
монттун аткарылышы 260,3 млн.сомго каралып, мунун өзү бизнес-планды
жылдын башынан бери 81,6%га (319,0 млн.сом) аткарууну түзгөн.
2009-жылдын 29-июнунан тартып № 2 станциянын түтүк агрегатынын
конденсаторунун түтүкчөлөрүн алмаштыруу башталган. № 8, № 9 станциялар-
дын түтүк агрегаттары капиталдык ремонттоодо. № 7 станциянын түтүк аг-
регатынын утурумдук ремонту конденсатордун түтүкчөлөрүн толугу менен
алмаштырылып аткарылган.
2009-жылдын 7-майындагы № 279 токтомго ылайык Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн тапшырмасынын көлөмүндө электр энергиясын иштеп чыгуу
үчүн ЖЭБнын отунга болгон керектөөсү 2009-жылдын II-IV кварталдарына
жана 2010-жылдын I кварталына төмөнкүлөрдү түзөт:
- көмүргө - 900 мињ тонна;
- мазутка -100 мињ тонна;
- газга - 28 млн. куб метр.
2009-жылдын 18-сентябрына ЖЭБнын кампасындагы отундун калдыгы
төмөнкүлөрдү түзөт:
- көмүрдүкү - 143,455 мињ тонна (андан тышкары мамлекеттик матери-
алдык резерв - 62,017 мињ тонна);
- мазуттуку - 3,684 мињ тонна (андан тышкары мамлекеттик материал-
дык резерв - 2,965 мињ тонна).
2009-жылдын аягына чейин жана 2010-жылдын I кварталында 608 мињ
тонна көмүр, 78,4 мињ тонна мазут жана 28 млн.куб метр газ алынуусу за-
рыл. Түзүлгөн келишимдердин жалпы көлөмү көмүр боюнча 1177,7 мињ тонна,
келишимдер боюнча жөнөтүүлөрдүн калдыгы 751,1 мињ тонна көмүрдү түзөт.
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 7-майындагы токтому аткарылган эмес. Анда мэрияга Кара-Ке-
ченин жана Таш-Көмүрдүн көмүрлөрүн ташып келүү үчүн "Көмүр" МИсинин
эсептешүү эсебине 3 млн.сом өлчөмүндөгү акчалай каражатты ай сайын че-
герип туруу тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2009-жылдын
биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча бюджетке тиешелүү
түзөтүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү менен борборлоштурулган отун
даярдоого "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИсине кошумча бөлүп берүү
бөлүгүндө Өкмөттүн бул токтому аткарылган эмес.
Айрым жылыштарга карабастан өткөн жылга салыштырганда электр тар-
мактарындагы жоготуулар дагы эле жогору бойдон калып, авариялардан улам
өчүрүүлөрдүн саны көбөйүп кеткен. Мында бөлүнүп берилген капиталдык са-
лымдар бир да бөлүштүрүүчү компания тарабынан өздөштүрүлгөн эмес.
Областтардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарла-
рынын мэриялары тарабынан катуу отун даярдоо боюнча пландык тапшырма-
ларды аткаруу камсыз кылынбай, ал эми Кыргыз Республикасынын минист-
рликтери менен ведомстволоруна караштуу бюджеттен каржылануучу уюмдар
боюнча 2009-жылдын 23-сентябрына карата абал боюнча аткаруу 86,7%ды
түзүп, бүтүндөй республика боюнча 2009-2010-жылдардын күзгү-кышкы мез-
гилине жылдык керектөөнүн 47%ы даярдалган.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - Кыргыз
Республикасынын суу-энергетика кырдаалын турукташтыруу, ошондой эле
экономикасынын тармактары менен калкын 2009-2010-жылдардын күзгү-кышкы
мезгилине карата даярдоо боюнча республикалык штабдын төрагасы Ө.Т.Ба-
банов менен Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ре-
сурстары министри И.А.Давыдовдун маалыматтарын угуп жана талкуулап,
республиканын экономикасынын тармактары менен калкын 2009-2010-жылдар-
дын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча жана Токтогул суу сак-
тагычында суунун зарыл болгон көлөмүн топтоо боюнча чаралар жөнүндө ма-
алыматтары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары, министрликтер, ведомстволор тарабынан Өкмөттүн 2009-жылдын
7-майындагы № 279 токтому менен бекитилген иш-чаралардын планынын кый-
шаюусуз аткарылышы боюнча чараларды көрсүн;
- келечекте газдын жана көмүрдүн импортун кыскартууну, ошондой эле
аларды ата мекендик кен чыккан жерлерден алууну көбөйтүүнү эске алуу
менен 2010-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын көмүр тармагын
өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын комплекстүү планын иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик ке-
ректөөчүлөрдү керектелген электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш га-
зы, көмүр жана мазут үчүн өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
4. Министрликтер, ведомстволор, областтардын мамлекеттик админист-
рациялары, жергиликтүү аткаруу бийлик органдары катуу отун даярдоодо
калктын суроо-талаптарын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
5. Бишкек шаарынын мэриясы "Электр станциялары" ААКсынын жана
"Көмүр" МИсинин эсептешүү эсептерине ай сайын 3 млн.сом чегерип туруу
жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун аткаруу үчүн каражат
издеп тапсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай,
энергетика жана отун ресурстары министрлиги ушул токтомдун аткарылышы
жөнүндө маалыматты 2009-жылдын 1-декабрына карата берсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдала-
нуу боюнча комитетине (Ю.А.Данилов) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Төрагасы А.Тагаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.