# Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2018-жылдын 05-июнундагы № 15/2 "Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун 01.05.2018-жылдагы №1-12/442 кайрылуу каты жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2018-жылдын 05-июнундагы № 15/2 "Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун 01.05.2018-жылдагы №1-12/442 кайрылуу каты жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15/2
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402690>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41822/edition/878061/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2018-жылдын 05-июнундагы № 15/2 "Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун 01.05.2018-жылдагы №1-12/442 кайрылуу каты жөнүндө" токтому (05.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402690

---

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII чакырылыштагы кезексиз ХV- сессиясы

2018-жылдын 05-июну № 15/2 Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун 01.05.2018-жылдагы №1-12/442 кайрылуу каты жөнүндө Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун 01.05.2018-жылдагы №1-12/442 кайрылуу катын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап, талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезексиз ХV- сессиясы) ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жаңгак шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан 400,0 кв.метр жер аянты автоунаа оңдоочу жай куруу үчүн аукцион аркылуу жеке менчикке сатууга берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин экономика-өндүрүш, инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл-чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Бул токтом расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Б.Маткаримов
