# М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 04- августундагы № 26 "Чолпон-Ата айылынын таза суусу боюнча Нуркулов Жумадилдин билдирүүсү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 04- августундагы № 26 "Чолпон-Ата айылынын таза суусу боюнча Нуркулов Жумадилдин билдирүүсү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402670>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41803/edition/877235/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 04- августундагы № 26 "Чолпон-Ата айылынын таза суусу боюнча Нуркулов Жумадилдин билдирүүсү жөнүндө" токтому (04.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402670

---

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ VII чакырылышынын 6 сессиясы

2017-жылдын 04- августу № 26 Чолпон-Ата айылынын таза суусу боюнча Нуркулов Жумадилдин билдирүүсү жөнүндө

М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VI I чакырылышынын кезексиз 6- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюча адиси Ж.Нуркуловдун төмөндөгү айтылган билдирүүсү эске алынып Чолпон-Ата айыл аймагынын жалпы элдик чогулушунда макулдашылып кабыл алынган,ичүүчү таза суунун наркы көчөдөгү орнотулган суу чоргодон пайдалануучулар үчүн, киши башына бир айга 6 сомдон, ал эми короонун ичиндеги чоргодон пайдалануучулар үчүн киши башына бир айга 8 сомдон баасы бекитилсин

2. Бул токтом www.Cholponata.org/page сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

Төрага

С.Кылданов
