# М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 04- августундагы № 25 ”Тальвег” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 04- августундагы № 25 ”Тальвег” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402669>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41802/edition/877233/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 04- августундагы № 25 ”Тальвег” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (04.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402669

---

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ VII чакырылышынын 6 сессиясы

2017-жылдын 04- августу № 25 ”Тальвег” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө ”Тальвег” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү боюнча Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-августундагы №6 27-07-2017-жылдагы өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып, М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Тальвег” ЖЧКсына Чолпон-Ата айыл аймагынын Узун-Акмат участкасынан кен казуу иштерин жүргүзүүгө карата Кара-Күнгөй, Ак-Тектир, Чолпон-Ата, Мазар-Суу, Кушчу-Суу жана Балыкты айылдарынын тургундарынын айылдык кеңешке кайрылган нааразычылык билдирүүлөрү эске алынсын.

2. “Тальвег” ЖЧКсы Чолпон-Ата айыл аймагынын Узун-Акмат участкасынан кен казуу иштерин жүргүзүүгө өз учурунда жеткиликтүү маалыматтарды жеткизбегендигинен жергиликтүү калктын нааразычылыгы күчөгөндүгүнө байланыштуу кен иштетүү иштери токтотулсун.

3. Сессиянын токтомунун аткарылышы жана .“Тальвег” ЖЧКсына билдирүү жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовго жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

1. Бул токтом www.Cholponata.org/page сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

Төрага

С.Кылданов
