# М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 20-январындагы № 10 "Чолпон-Ата айыл аймагынын жашоочуларына берилүүчү тактамалар боюнча жооптуу катчы А. Аманбекованын сунушу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 20-январындагы № 10 "Чолпон-Ата айыл аймагынын жашоочуларына берилүүчү тактамалар боюнча жооптуу катчы А. Аманбекованын сунушу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402654>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41787/edition/877203/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 20-январындагы № 10 "Чолпон-Ата айыл аймагынын жашоочуларына берилүүчү тактамалар боюнча жооптуу катчы А. Аманбекованын сунушу жөнүндө" токтому (29.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402654

---

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ VI I чакырылышынын 2 сессиясы

2017-жылдын 20-январы № 10 Чолпон-Ата айыл аймагынын жашоочуларына берилүүчү тактамалар боюнча жооптуу катчы А. Аманбекованын сунушу жөнүндө ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Тактамалар жалан компьютерден чыгарылгандыгына жана ага керектелүүчү материалдардын кымбат тургандыгына байланыштуу атуулдарга берилүүчү тактамалар 10 (он) сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Айыл аймагындагы жакыр жашаган атуулдарына тактамалар түрүнө жана талап кылган мекемесине карабастан акысыз берилсин.

3. Социалдык тармактарга берилген тактамалар баардык тургундарга акысыз берилсин.

4. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Аманбековага милдеттендирилсин.

5. Бул токтом www.Cholponata.org/page сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

Төрага

С. Кылданов
