# Сарай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-июлундагы № 2 "Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сарай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-июлундагы № 2 "Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402633>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41767/edition/876855/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сарай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-июлундагы № 2 "Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө" токтому (28.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402633

---

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (VI шайланган) кезектүү VII сессиясы

2017-жылдын 28-июлу № 2 Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын тургундарынын сунунтарынын негизинде,Тельман айылынан күн чыгыш тарапка карай Тельман МТФга чейинки көчөнү колхоздо өмүр бою иштеп,коммунист болуп колхоздун чыңалышына салым кошкон, бир нече жолку сыйлыктарынын ээси Оморов Култайдын ысымын ыйгаруу үчүн сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т

1. Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынан күн чыгыш тарапты көздөй Тельман МТФга чейинки көчө колхоздун ардагери Оморов Култайдын ысымы ыйгарылсын.

2. Жогорудагы Оморов Култайдын ысымы ыйгарылган көчөнү жарыктан-дырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү жагы уул-кыздарына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Төрага

Э.Арзиев
