# Сарай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 1 "Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сарай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 1 "Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402630>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41764/edition/876849/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сарай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 1 "Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө" токтому (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402630

---

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (VI шайланган) кезектүү VI сессиясы

2017-жылдын 28-апрели № 1 Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын “Ак-шоолаа” көчөсүнүн тургундарынын сунунтарынын негизинде, Ак Шоола көчөсүн,колхоздун бир нече жолку сыйлыктарынын ээси, айылдык кеёештин 2 жолку депутаты Ташбеков Кадырбектин ысымын ыйгаруу үчүн,Тельман айылынын тургуну К.Эшматованын билдирүүсүн угуп, ошондой эле Тельман айылынын тургуну К.Топчуевдин, жаңы чектин көчөсүнө колхоздун ардагери Сатыбалдиев Топчунун атын коюу сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т

1. Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын Ак Шоола көчөсүнө колхоздун ардагери Ташбеков Кадырбектин ысымы ыйгарылсын.

2. Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын жаны чекгинин көчөсүнө колхоздун ардагери Сатыбалдиев Топчунун ысымы ыйгарылсын.

3. Жогорудагы Ташбеков Кадырбектин жана Сатыбалдиев Топчунун ысымы ыйгарылган көчөлөрдү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү жагы уул-кыздарына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Төрага

Э.Арзиев
