# Сарай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 13-мартындагы № 1 "Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сарай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 13-мартындагы № 1 "Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402617>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41752/edition/876825/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сарай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 13-мартындагы № 1 "Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө" токтому (13.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402617

---

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (VI шайланган) кезектүү V сессиясы

2017-жылдын 13-марты № 1 Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын “Батыш” көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, бир нече сыйлыктардын ээси Абдраимов Абдыкасымдын атын ыйгаруу үчүн уулу К.Абдраимовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т

1. Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын “Батыш” көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдраимов Абдыкасымдын аты ыйгарылсын.

2. Жогорудагы Абдраимов Абдыкасымдын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү жагы уулу К.Абдраимовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Төрага

Э.Арзиев
