# Сарай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-февралындагы №4"Сарай айыл өкмөтүнүн тургундарынын ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сарай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-февралындагы №4"Сарай айыл өкмөтүнүн тургундарынын ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402613>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41749/edition/876819/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сарай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-февралындагы №4"Сарай айыл өкмөтүнүн тургундарынын ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө" токтому (18.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402613

---

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (VI-шайланган) кезектеги IV - сессиясы 2017-жылдын 18-февралы №4 Сарай айыл өкмөтүнүн тургундарынын ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө Сарай айыл өкмөтүнүн “Таза-Суу” ИСКАКБларынын башчысы А.Чодоновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т

1. Сарай айыл өкмөтүнүн тургундарынын ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрү көчөдөгү суу түтүгүнөн ичсе, ар бир адамга 15(он беш) сомдон, ал эми короосунун ичиндеги суу түтүгүнөн ичсе, ар бир адамга 25(жыйырма беш) сомдон тарифтери бекитилсин.

2. Сарай айыл аймагында калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн көчөгө коюлган суу түтүктөрүнөн түтүк улап короосуна алып кирүүгө тыюу салынсын жана өз алдынча улап алуучулардан 30000(отуз миң) сом өлчөмүндө айып пулу өндүрүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн “Таза-Суу” ИСКАКБларынын башчысы А.Чодоновго жүктөлсүн.

Төрөга

Э.Арзиев
