Сарай айылдык кеңешинин «Сарай айыл өкмөтүнүн тургундарынын ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (VI-шайланган) кезектеги IV - сессиясы 2017-жылдын 18-февралы №4 Сарай айыл өкмөтүнүн тургундарынын ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө Сарай айыл өкмөтүнүн “Таза-Суу” ИСКАКБларынын башчысы А.Чодоновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Сарай айыл өкмөтүнүн тургундарынын ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрү көчөдөгү суу түтүгүнөн ичсе, ар бир адамга 15(он беш) сомдон, ал эми короосунун ичиндеги суу түтүгүнөн ичсе, ар бир адамга 25(жыйырма беш) сомдон тарифтери бекитилсин.
2. Сарай айыл аймагында калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн көчөгө коюлган суу түтүктөрүнөн түтүк улап короосуна алып кирүүгө тыюу салынсын жана өз алдынча улап алуучулардан 30000(отуз миң) сом өлчөмүндө айып пулу өндүрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн “Таза-Суу” ИСКАКБларынын башчысы А.Чодоновго жүктөлсүн.
Төрөга
Э.Арзиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-майындагы №179 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"Постановление · 17.05.2007 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-январындагы №4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 4-июлунда Астана…Постановление · 10.01.2007 · № 4