# Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 01- ноябрындагы № 134 "Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарылышынын жыйынтыгы менен 15.02.2017-жылдагы №113, 25.07.2017-жылдагы № 126 токтомдорго өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 01- ноябрындагы № 134 "Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарылышынын жыйынтыгы менен 15.02.2017-жылдагы №113, 25.07.2017-жылдагы № 126 токтомдорго өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402602>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41739/edition/876799/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 01- ноябрындагы № 134 "Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарылышынын жыйынтыгы менен 15.02.2017-жылдагы №113, 25.07.2017-жылдагы № 126 токтомдорго өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (01.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402602

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы

2017-жылдын 01- ноябры № 133 Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарылышынын жыйынтыгы менен 15.02.2017-жылдагы №113, 25.07.2017-жылдагы № 126 токтомдорго өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин отчетун, ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын маалыматын, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 2017-жылдын 9 ай ичинде Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү (атайын каражаттарды кошкондо) 29 897,5 миң сом, анын ичинен атайын каражат 6 231,7 миң миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү жалпы 28 058,0 миң сом, анын ичинен атайын каражат 6 261,5 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы белгиленсин (1,2 -Тиркемелер). Токтомдорго өзгөртүү киргизүү боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жалпысынан жактырылсын. Токтогул шаардык кеңешинин 15.02.2017-жылдагы № 113 боюнча: 4-Тиркемедеги мэриянын аппаратына 3111 статьясы боюнча каралган акча каражатынан 200,0 миң сом акча каражаты кыскартылсын, бул каражат Өнүктурүү саясат институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүну жакшыртуу” долбоорунун алкагында Балдар чыгармачылык үйүнө эмерек, жабдуу алуу жана бий залын оңдоп, түзөө үчүн өздүк салым катары жумшалсын. Токтогул шаардык кеңешинин 25.07.2017-жылдагы № 126 токтому боюнча: 3111 статясына бөлүнгөн акча каражаттары конкурс өткөрүүдөн 411,4 миң сом үнөмдөлгөндүгү белгиленсин жана төмөндөгүдөй чыгымдалсын: “Байчечекей” балдар бакчасынын кошумча курулуш иштерине 240,0миң сом. “Достук” балдар бакчасына ички канализация курууга 171,4 миң сом. 3112 статясы боюнча конкурс өткөрүүдөн 338,0миң сом үнөмдөлгөндүгү белгиленсин: Бул акча каражаты балдар бакчаларына керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн чыгымдалсын. 9 айдын жыйынтыгы менен 954,5 миң сом үнөмдөлгөндүгү белгиленсин, бул каражат ушул токтомдун 3 – Тиркемесине ылайык чыгымдалсын. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин. Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Джумабаев) тапшырылсын. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага

К.Дербишев
