Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕНЕШ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-апрели № 61 Атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө “Айкөл Ала-Тоо” жана “Мекен шейиттери” коомдук бирикмелеринин кайрылууларын эске алуу менен, 2010-жылдын 7-апрели элдик революциясынын атын түбөлүккө калтыруу максатында, 2017-жылдын 4-апрелиндеги Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын корутундусун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 19-мартындагы № 60 “Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу” токтомун жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү көчөлөрдү кайра атоо жолу менен 7-апрель окуясынын аты түбөлүккө калтырылсын:
а) 1-тиркемеге ылайык Чүй проспектинен Бишкек шаарынын түштүк чектерине чейинки Шабдан Баатыр көчөсү 7-апрель көчөсүнө;
б) 2-тиркемеге ылайык, Мухтар Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки Чүй проспектинин бөлүгү Шабдан Баатыр проспектине.
2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте аншлагдарды орнотууну жүргүзсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалык (Берикбаев Б. Ж.), “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы (Тулебердиев А. Т. ) учеттук жана маалыматтык маалыматтарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Төрага
А. М. Кененбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги N 22 "Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.04.2013 · № 22
- Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 19-мартындагы № 60 "Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 "Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин…Постановление · 19.03.2018 · № 60
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О внесении изменений и дополнений в часть первую Гражданского кодекса Кыргызской РеспубликиЗакон · 15.10.1997 · № 76