# Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 2-мартындагы № 9 «Короо жай жер участокторун пайдалагандыгы үчүн жер салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 2-мартындагы № 9 «Короо жай жер участокторун пайдалагандыгы үчүн жер салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41278/edition/862752/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/402130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 2-мартындагы № 9 «Короо жай жер участокторун пайдалагандыгы үчүн жер салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө» токтому (02.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402130

---

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы кезектеги сессиясы

2017-жылдын 2-марты № 9 «Короо жай жер участокторун пайдалагандыгы үчүн жер салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 338-беренесине ылайык Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Короо жай жер участокторун пайдалагандыгы үчүн жер салыгынын ставкасы 100 кв.м. короо жай жер жер участогуна -10,0 сом көлөмдө бекитилсин:

2. Короо жай жер жер участогундагы өзүн каржылоо 20,0 сом көлөдө бекитилсин.

3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.

5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге жүктөлсүн.

Төрага

Р. Алманиязов
