# Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 2-мартындагы № 8 «Чапаев айыл өкмөтүнүн түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 2-мартындагы № 8 «Чапаев айыл өкмөтүнүн түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/402129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41277/edition/862501/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/402129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 2-мартындагы № 8 «Чапаев айыл өкмөтүнүн түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтому (02.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/402129

---

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы кезектеги сессиясы

2017-жылдын 2-марты № 8 «Чапаев айыл өкмөтүнүн түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөттүн 2017-жылга карата штаттык саны 12 бирдикте, анын ичинде кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлер - 2 бирдикте бекитилсин.

2. Айыл өкмөттүн 2017-жылга карата штаттык ырааттамасы бекитилсин.

3. Клубтардын штаттык ырааттамасы 5,0 бирдик санында бекитилсин.

4. Китепканалардын штаттык ырааттамасы 2,5 бирдик санында бекитилсин.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.

7. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге жүктөлсүн.

Төрага

Р.Алманиязов
