Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кароол айылдык кеңешинин «Турак жай куруу үчүн жер участокторун которуу (трансфармациялоо) жөнүндө» токтому
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кароол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 10-июну № 8/13 Турак жай куруу үчүн жер участокторун которуу (трансфармациялоо) жөнүндө Кооптуу айыл аймагындагы жер көчкүдөн жабыркаган жана жер көчкүдөн кооптуу болгон үй бүлөлөргө Кароол айыл аймагындагы Мырза-Арык айылындагы мамлекеттик фондусунун шарттуу суугат жеринен турак жай куруу үчүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып, «Кыргыз Республикасынын жер участокторун которуу жөнүндө» Мыйзамынын 145-беренесине ылайык Кароол айылдык кенешинин кезектеги 8-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Арык айылындагы мамлекеттик фондусундагы шарттуу суугат №289 контурундагы 17,1га жер тилкеси жеке менчик турак жай куруу үчүн “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоо ) сунуш кылынсын.
2.Суралсын Өзгөн райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо боюнча башкармалыктарынан жер участокторун которуу үчүн тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы:
3.Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Айыл-Суу чарба, жер өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына (К.Рысалиевге) жүктөлсүн.
Төрага
А. Акматалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба…Постановление · 28.01.2019 · № 26
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 26 токтомуПостановление · 28.01.2019 · № 26
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон