# К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 11/6 "К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 11/6 "К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11/6
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/401690>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-40941/edition/876358/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 11/6 "К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө" токтому (21.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/401690

---

К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

2017-жылдын 21-декабры № 11/6

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»2011-жылдын 15-июлундагы №101 жана (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 17-июлундагы № 138 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 32- беренесинин 1-4-пунктарынын негизинде К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ

1. К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы М.Атабаев берген арызына ылайык айылдык кеңештин төрагалык милдетинен бошотулсун.

2. Айылдык кеңештин төрагалыгына отурумга катышкан депутаттардын курамынын бардыгынан ,бир добуштан добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен 8 мандаттуу №5126 Сопу-Коргон шайлоо участкасынын депутаты Маташов Назарбек Талипбекович К.Белекбаев атындагы айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.

Төрага

M. Атабаев
