Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Найман айылдык кеңешинин «Найман айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө» токтому
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 19-июну № V-2 Найман айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн аудиттик текшерүү Найман айыл өкмөтүндө жана анын карамагындагы бюджеттик мекемелерде болуп өттү. Айылдык Кеёеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин тууралыгын, мыйзамдуулугун жана нормативдик укуктук актыларга негизделгендигин аудиттик текшерүүдөн өткөргөндө, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамына таянып иш жүргүзүлгөндөгү белгиленген. Аудиттин жүрүшүндө жалпы айыл өкмөтү боюнча 59,8 мин сомдук финансалык тартип бузуулар аныкталган, анын ичинде максатсыз чыгымдалган каражаттар 52,2 мин сом, жалданган жумушчулардан 1,5 миё сом киреше салыгы, 6,1 миё сом соцфонд төлөмдөрү кармалган эмес. Найман айыл өкмөтү боюнча бюджеттин аткарылышы жана чыгымдалышы (башчысы Р.Шамаева, ФЭБ башчысы А.Балтабаев) финансылык тартип бузуулардын суммасы 59,8 мин сомду түзгөн, максатсыз чыгымдалган каражаттар 52,2 мин сом, акы көрсөтүлгөн иштер үчүн соц.фондго 6,1 мин сом, подоход салыгына 1,5 мин сом кармалбаган. Текшерүү учурунда 59,8 мин сом отчетко кириштелген жана башка финасылык тартип бузуулар бүгүнкү күндө баары ордуна коюлган. Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы жетишпестиктерди карап чыгып, Найман айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекеме ишканаларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бюджеттин киреше жана чыгаша тарабын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана нормативдик укуктук актыларына негиздеп түзүп, бюджеттин эффективдүү жана үнөмдүү пайдаланышын камсыз кылуу үчүн бекитилген методикалык көрсөтмөлөр менен иш алып барууда финансалык тартип бузууларга жол бергендиги эске алынсын.
2. Эсеп-кысап иштерин начарлатып жиберген Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы бюджеттик мекеме-ишканалардын башчыларына кемчиликтерди ушул жылдын 20-июнуна чейин четтетүү жагы жана мындан ары финансалык катачылыктарга жол бербөө боюнча иш-чара иштеп чыгып,анын үстүндө иш баруусу милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы киреше салыктын эсебине кошумча эсептелинген 1,5 мин сомду, соц.фондго кошумча чегерүү 6,1 мин сомду өндүрүүнү жана айыл өкмөттүндө түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдөн келишимдер менен жүргүзүлгөн жумуштардын эсеп кысабын көзөмөлгө алып жана мындан ары кошумча эсептөөлөргө жол бербөө боюнча иш-чараларды жүргүзсүн:
- бюджеттик каражаттарды максаттуу жана эффективдүү пайдалануу;
- эмгек акыларды эсептөөнү нормативдик актыларга жана тарификацияны негиздеп эсептөө жана тарификацияны туура түзүү;
- кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысынан болгон дебитордук карыздарды өз убагында өндүрүү, ижарага берилбей калган жерлерди ижарага берүү боюнча иш-чара иштеп чыгуу;
- жогорудагы текшерүүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу менен бирге, мындан кийин финансалык катачылыктарга жол бербөөнүн үстүндө иш алып баруу жана аткарылган иштердин жыйынтыгын райондук финансы бөлүмүнө маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө Найман айыл аймагында бухгалтериялык эсептин жүргүзүлүшүн көзөмөлдөп, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 2008-жылдын 24-ноябрындагы № 192-П буйругуна негиз жаёы план счет менен баланс түзүүнү талап кылуу милдеттендирилсин. Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы көрсөтүлгөн дебитордук карыздардын бухгалтердик баланс отчетторуна кошулбаган суммаларды кошуп отчет түздүрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү, финансалык катачылыктарга мындан ары жол бербөө боюнча иш чара иштеп чыксын жана материалдык баалуулуктар боюнча жооптуу кызматкерлер менен өзгөчө иш алып баруу жагы жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага
Ш. Эрматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин 2008-жылдын 24-ноябры № 192-пБюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча Жобону бекитүү тууралуу буйругуПриказ · 24.11.2008 · № 192-п · Күчүн жоготкон