Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Найман айылдык кеңешинин «Найман айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө сарпталуучу акча каражаттары жөнүндө» токтому
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2018-жылдын 30-январы № VIII-2 Найман айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө сарпталуучу акча каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 281 , 2006-жылдын 23-августундагы № 605 токтомунун 3-бөлүмүнүн 8-тиркемесине, 2010-жылдагы жана андан кийинки чыккан токтомдорго, мыйзамдарга ылайык Найман айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларынын жүргүзүүгө сарпталуучу акча каражаттарын ажыратуу максатында Найман айылдык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө 65 000 (алтымыш беш мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Найман айыл өкмөтүндөгү социалдык жактан коргоо боюнча түзүлгөн иш-чаралар менен иш алып баруу жагы Найман айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча башкы адиси Н.Балтабаевага жана ажыратылган акча каражатын убагында которуп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык кеёешинин социалдык,маданий,билим берүү жана спорт, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Ш. Эрматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006 жылдын 23-августундагы № 605 "Кыргыз Республикасында социалдык жеңилдиктерди берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2006 · № 605 · Күчүн жоготкон