Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык Кеңешинин ««Кыргыз Текстиль ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомуна 25,0 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө»
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 13-марты №115 «Кыргыз Текстиль ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомуна 25,0 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 12-мартындагы №174/08-13, Кеӊ-Сай массивине тигүү фабрикасын куруу үчүн «Кыргыз Текстиль ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун акысыз 25,0 га жер тилкесин бөлүп берүүнү сураган кайрылуусунун негизинде фабриканын курулушу аяктап, тиешелүү кызматтар тарабынан кабыл алуусуна чейин ижара акы төлөмдөрүн токтотуп туруу жана фабрика кабыл алынып өндүрүш иштери башталгандан кийин ижара акысын кайра эсептөө жолун кароо жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесинин жана 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2018-жылдын 12-мартындагы №6 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Инвестиция тартуу менен тигүү фабрикасын курууну пландаштырган «Кыргыз Текстиль ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомуна 25,0 га жер тилкесин бөлүп берүү маселеси Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32 - беренесинин 4-пунктуна ылайык Ош шаарынын мэриясынын компетенциясына кире тургандыгы белгиленсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Т. Кадырбаев) инвесторлор үчүн мыйзам чегинде шарттарды түзүү, аларга өз убагында ар тараптуу көмөк көрсөтүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А. Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н. Рашев) жүктөлсүн.
Төрага
Ж. Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон