# Ош шаардык Кеӊешинин 2018-жылдын 13-мартындагы № 111 "Ош шаарынын прокурорунун Ош шаардык Кеӊешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №103 токтомуна карата каршы пикири жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык Кеӊешинин 2018-жылдын 13-мартындагы № 111 "Ош шаарынын прокурорунун Ош шаардык Кеӊешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №103 токтомуна карата каршы пикири жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/401558>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-40812/edition/872450/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/401558.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык Кеӊешинин 2018-жылдын 13-мартындагы № 111 "Ош шаарынын прокурорунун Ош шаардык Кеӊешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №103 токтомуна карата каршы пикири жөнүндө" токтому (13.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/401558

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

2018-жылдын 13-марты № 111 Ош шаарынын прокурорунун Ош шаардык Кеӊешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №103 токтомуна карата каршы пикири жөнүндө Ош шаарынын прокурорунун 2018-жылдын 25-январындагы № 11-7д-97-18 Ош шаардык Кеӊешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №103 токтомуна карата каршы пикирин карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 35-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 16–беренесине ылайык, Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 5-февралындагы №2 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ош шаардык Кеӊешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №103 “Жер тилкелерин трансформациялоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

4. Токтом жалпыга маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага

Ж. Ормонов
