# Ош шаардык Кеӊешинин 2018-жылдын 13-мартындагы № 109 "Аксакалдар сотторун шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык Кеӊешинин 2018-жылдын 13-мартындагы № 109 "Аксакалдар сотторун шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/401556>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-40810/edition/872446/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/401556.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык Кеӊешинин 2018-жылдын 13-мартындагы № 109 "Аксакалдар сотторун шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө" токтому (13.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/401556

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

2018-жылдын 13-марты № 109 Аксакалдар сотторун шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө Ош шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Р.Раимбердиевдин аксакалдар сотторун шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамынын, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2004-жылдын 30-июлундагы №55 токтому менен бекитилген «Ош шаардык аксакалдар сотторун каттоонун тартиби жөнүндө» Жобонун негизинде, Ош шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 26-февралындагы №4 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ош шаарындагы аксакалдар сотторун шайлоонун жыйынтыктары эске алынсын.

2. Ош шаарындагы жаңы шайланган аксакалдар соттору тиркемеге ылайык каттоого алынсын (Б. Астанакулов).

3. Аксакалдар сотторунун төрагаларына, мүчөлөрүнө күбөлүктөр даярдалып берилсин (А. Эргешова).

4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р. Раимбердиев) жүктөлсүн.

6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Ж. Ормонов
