# Жошолу айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 12-июнундагы № 5/1 "Ош облусунун Алай районундагы Жошолу айыл өкмөтүнүн «Алай Тоо балы» товардык- сервистик Кооперативинде жаңы тукумдагы энелик аарыларды өстүрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жошолу айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 12-июнундагы № 5/1 "Ош облусунун Алай районундагы Жошолу айыл өкмөтүнүн «Алай Тоо балы» товардык- сервистик Кооперативинде жаңы тукумдагы энелик аарыларды өстүрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5/1
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/401544>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-40798/edition/871367/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жошолу айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 12-июнундагы № 5/1 "Ош облусунун Алай районундагы Жошолу айыл өкмөтүнүн «Алай Тоо балы» товардык- сервистик Кооперативинде жаңы тукумдагы энелик аарыларды өстүрүү жөнүндө" токтому (12.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/401544

---

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жошолу айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын V сессиясы

2017-жылдын 12-июну № 5/1 Ош облусунун Алай районундагы Жошолу айыл өкмөтүнүн «Алай Тоо балы» товардык- сервистик Кооперативинде жаңы тукумдагы энелик аарыларды өстүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Аарычылар жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13- ноябрындагы № 704 токтомунун негизинде Жошолу айыл өкмөтүнүн «Алай Тоо балы» товардык- сервистик Коопаративинде жаңы тукумдагы энелик аарыларды өстурүү жөнүндөгү коопаративдин жетекчиси К.Абдуллаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 5-заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Алай районунундагы Жошолу айыл өкмөтүнүн « Алай Тоо балы » товардык-сервистик коопаративи иштеп жаткандыгына байланыштуу бал челектеги энелик аарылардын жаңы тукумдагы аарыга өтүп жаткандыгынан улам бал челектерди коюучу жерлердин чек арасын тактоо жагы белгиленсин жана айыл өкмөттүн аймагындагы пайдаланылбаган жерлер «Алай Тоо балы» товардык-сервистик коопаративине ( буфердик зонага ) берилсин .

2. Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Ленин-Жол айылынын Кара-Токту участкасындагы Кызыл-Таш жайлоосуна чейинки аралыгына « Алай Тоо балы » товардык –сервистик кооперативи жаңы тукумдагы аарылар менен иштеп жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү аарылардан бөлөк башка жактан бал челек киргизүүгө тыюу салуу айыл өкмөттүн жер адисине, айыл башчыларга жана кооперативдин вет.адиси Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин .

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановго жүктөлсүн.

Төрага

К. Дейдиев
