# Корул айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 5-августундагы № 9/9 "Корул айылдык Кеңешинин депутаттарынын депутаттык мандаттарын, ыйгарым укуктарын токтотуу жана таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 5-августундагы № 9/9 "Корул айылдык Кеңешинин депутаттарынын депутаттык мандаттарын, ыйгарым укуктарын токтотуу жана таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9/9
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/401498>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-40753/edition/870267/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 5-августундагы № 9/9 "Корул айылдык Кеңешинин депутаттарынын депутаттык мандаттарын, ыйгарым укуктарын токтотуу жана таануу жөнүндө" токтому (05.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/401498

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын IX сессиясы

2017-жылдын 5-августу № 9/9 Корул айылдык Кеңешинин депутаттарынын депутаттык мандаттарын, ыйгарым укуктарын токтотуу жана таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» 2011-жылдын 14-июлундагы №98 мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 52-беренесинин 3-пунктуна таянып, Корул айылдык Кеңешинин депутаттарынын депутаттык мандаттарын, ыйгарым укуктарын токтотуу жана таануу жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Корул айылдык Кенешинин №138 тогуз мандаттуу Кең-Жылга шайлоо округунан Алиев Даниэль Ногойбаевич 2017-жылдын 25-июнунда кайтыш болгондугуна байланыштуу, андан кийинки добуш алган тогуз мандаттуу Кең-Жылга шайлоо округунан Камбаров Жыргалбек Аматбековичке депутаттык мандат берилсин.

2. Тогуз мандаттуу №138 Кең-Жылга шайлоо округунан Камбаров Жыргалбек Аматбековичке депутаттык мандат берүү жагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

Төрага

Т. Маназаров
