# Корул айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 8/1 "Корул айыл өкмөтүнө таштанды таштоочу жерди аныктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 8/1 "Корул айыл өкмөтүнө таштанды таштоочу жерди аныктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8/1
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/401481>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-40736/edition/870271/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 8/1 "Корул айыл өкмөтүнө таштанды таштоочу жерди аныктоо жөнүндө" токтому (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/401481

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

2017-жылдын 14-июну № 8/1 Корул айыл өкмөтүнө таштанды таштоочу жерди аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 Мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, айыл өкмөтүнө таштанды таштоочу жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын Атаке участкасындагы Айдаралиев Чубак ушул мезгилге чейин өз алдынча иштетип келген 0,50 га жер участогу Корул айылынын тургундары үчүн таштанды таштоочу жай болуп айланасы тосулуп ишке киргизилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана башкы жер адис Э.Шариповго милдеттендирилсин.

Төрага

Т. Маназаров
