Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин «Кыргыз-Ата айыл аймагындагы элдин талаада эккен эгиндерине түшкөн, айдоолорду майкандаган жана бак дарактарга зыян келтирген мал жандыктарынын ээлерине “айып пул” салуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин V шайланган кезектеги XXV сессиясы
2016-жылдын 9-июлу № 25-5 Кыргыз-Ата айыл аймагындагы элдин талаада эккен эгиндерине түшкөн, айдоолорду майкандаган жана бак дарактарга зыян келтирген мал жандыктарынын ээлерине “айып пул” салуу жөнүндө Кыргыз-Ата айыл аймагындагыэлдердин талаада эккен эгиндерине түшкөн, айдоолорду майкандаган жана бак дарактарга зыян келтирген мал жандыктарынын ээлерине чара көрүп берүү жөнүндөгү арызын канааттандыруу максатындаКыргыз Республикасынын “Жер Кодекси” Мыйзамынын 185-беренесине, администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү 2011-жылдын 21-декабрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 20-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагыэлдердин талаада эккен эгиндерине түшкөн, айдоолорду майкандаган жана бак дарактарга зыян келтирген мал жандыктарынын жана ошондой эле техникалык каражаттардын ээлерине Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү 2011-жылдын 21-декабрындагы № 245- Мыйзамына ылайык чара көрүлсүн.
2. Менчик ээлеринин эгиндерине зыян келтиртбөө, зыян келген учурда келтирилген зыяндарды аныктоо, өндүрүү боюнча иш чараларды аткаруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага
С. Турдуев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 21.12.2011 · № 245 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон