# Абдрахманов айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 21-майындагы № 35 «Жарк-аква» ишканасына эксковатор сатып алуу жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Абдрахманов айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 21-майындагы № 35 «Жарк-аква» ишканасына эксковатор сатып алуу жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/401113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-40374/edition/859551/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Абдрахманов айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 21-майындагы № 35 «Жарк-аква» ишканасына эксковатор сатып алуу жөнүндө» токтому (21.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/401113

---

АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII- чакырылышынын кезексиз чакырылган V – сессиясы

2017-жылдын 21-майы № 35 «Жарк-аква» ишканасына эксковатор сатып алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз республикасынын Жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», Кыргыз республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн өндүрүш-техникалык муктаждыктарын канааттандыруу, аларга техникалык колдоо көрсөтүү,айыл аймагынын тазалыгын камсыз кылуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу,жаӊы киреше булактарын ишке киргизүү боюнча Абдрахманов айыл аймагынын башчысы У С Апсатаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Абдрахманов айыл Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 31-беренесине таянып «Жарк-аква» ишканасына «Амкадор ЕВ» эксковаторун алууга макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышына финансы,бюджет жана инвестиция тартуу комиссиясы көзөмөл кылсын.

3.Токтом райондук ММКга жарыялансын, Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

Төрага

Т Б Исмаилов
