# Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы №21/6-4 "Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын жаңы курамын бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы №21/6-4 "Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын жаңы курамын бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21/6-4
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/40110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4285/edition/763312/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/40110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы №21/6-4 "Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын жаңы курамын бекитүү жөнүндө"токтому (29.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/40110

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

2016-жылдын 29-августу №21/6-4 Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын жаңы курамын бекитүү жөнүндө Токмок ш. мэриясынын 05.08.2016-ж. чыг.№1237/1-4 шаардык кеңештин жаңы чакырылышына жана кадрлык ѳзгѳрүүлѳр болгондугуна байланыштуу Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын жаңы курамын карап жана бекитүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-ж. №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү Жобонун 7-пунктуна жана Токмок шаардык кеңешинин 26.04.2006-ж. токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 8-беренесине ылайык, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 15-августундагы отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын жаңы курамы бекитилсин (тиркемеге ылайык).

2. Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгы (Чотбаев К.К.) тарабынан, Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын катчысы Токмок ш. ММБнын жооптуу кызматкери ички буйрук менен дайындалсын.

3. Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 05-мартындагы №81/12-3 жана 2014-жылдын 23-октябрындагы №125/17-3 токтомдору күчүн жоготту деп саналсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.

Төрага

Т.Солтобаев

Тиркеме Бекитилди Токмок шаардык кеңешинин токтому менен №21/6-4 29-август 2016-ж.

Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу

боюнча комиссиясынын курамы

1

Имамадиев Болот Кадырбекович

- Токмок ш. биринчи вице-мэри, комиссиянын төрагасы;

2

Чотбаев Кадырбек Каныбекович

- Токмок ш. ММБнын башкаруучусу, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Комиссия мүчөлөрү:

3

Кыдырбаев Абдулазим Юсупович

-Токмок ш. шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башкаруучусу;

4

Момункулов Мелисбек Алиясович

-Чүй-Токмок аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча башкармалыгынын башкаруучусу;

5

Дженишев Сулайман Алымбекович

-Токмок ш. мэриясынын башкы адиси – юрист;

6

Бектурганов Улук-Бек Бектурсунович

-ОААжМСЭКБ башкы дарыгердин орун басары;

7

Джоошбеков Максат Болотович

-Токмок шаардык кеңешинин депутаты;

8

Бостериева Кыял Суйунучовна

-Токмок шаардык кеңешинин депутаты;

9

Карыбеков Марат Кочконбаевич

-Токмок ш. Коомчулук кеңешинин төрагасы;

10

Дубина Александр Евгеньевич

-“ДАО” коомдук бирикмесинин төрагасы;

11

Керимов Урмат Эмисбекович

-ӨКМдүн Токмок ш. бөлүмүнүн башчысы.

Жооптуу катчысы

Р.А.Кадыркулова
