Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин «Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Токмок ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2016-жылдын 29-августу № 19/6-4 Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Токмок ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун комиссиясын түзүү жөнүндө Токмок ш. мэриясынын 26.07.2016-ж. чыг.№1169/1-4 үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Токмок ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун комиссиясын түзүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21.04.2015-ж. токтому менен бекитилген Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобого ылайык, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 16-августундагы отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Токмок ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун комиссиясы түзүлсүн (тиркемеге ылайык).
2. Токмок ш. мэриясы (Шамыралиев Ж.Дж.) Токмок шаардык каржы бөлүмү (Котко Н.Т.) менен биргеликте 2017-жылга карата үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду даярдоо жана аныктоо боюнча Токмок шаарынын түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрү менен маалыматтык – түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Токмок ш. мэриясы төмөндөгүнү иштеп чыгып Токмок шаардык кеңешинин сессиясынын бекитүүсүнө чыгарсын:
- 2017-жылы сынакка жөнөтүлүүчү долбоорлордун тизмесин, артыкчылык тартипте;
- Комиссия жөнүндө Жобону жана анын ишинин регламентин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага
Т.Солтобаев
Тиркеме Бекитилди Токмок шаардык кеңешинин токтому менен №19/6-4 29-август 2016-ж
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого
долбоорлорду тандоо боюнча Токмок ш. жергиликтүү өз алдынча
башкаруусунун комиссиясынын курамы
1
Имамадиев Б.К.
- комиссиянын төрагасы, Токмок ш. биринчи вице-мэри;
2
Жоокаев Д.Э.
- комиссиянын төрагасынын орун басары, Токмок шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;
3
Комиссиянын катчысы
-Токмок ш. каржы бөлүмүнүн кызматкери, макулдашуу менен;
Комиссия мүчөлөрү:
4
Курманов Б.А.
- Токмок шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;
5
Нурдинов А.Р.
- Токмок шаардык кеңешинин депутаты;
6
Юнусов Р.М.
- Токмок шаардык кеңешинин депутаты;
7
Котко Н.Т.
-Токмок ш. каржы бөлүмүнүн башчысы
8
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү
-макулдашуу менен;
9
КР Өкмөтүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү
-макулдашуу менен;
10
Дубина Александр Евгеньевич
-“ДАО” КФ, макулдашуу менен;
11
Лавринович Ольга Викторовна
-“Общество Корнелеуса” КФ, макулдашуу менен;
12
Жусупбекова Жанаркуль Жангазиевна
-“Гринвок” КФ, макулдашуу менен;
13
Эшенов Элчибек Акматбекович
-“Адилеттүү келечек” КФ, макулдашуу менен.
Жооптуу катчысы
Р.А.Кадыркулова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3