Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин «23.10.2014-ж. №126/17-3 Токмок шаардык кеңешинин ““Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясы жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө»токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын VIII сессиясы
2016-жылдын 22-декабры № 37/8-4
23.10.2014-ж. №126/17-3 Токмок шаардык кеңешинин ““Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясы жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Токмок-Чүй аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын башкаруучусунун 14.12.2016-ж. чыгыш №1710 катынын негизинде, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 15-декабрындагы отурумунун протоколуна ылайык, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 23.10.2014-ж. №126/17-3 Токмок шаардык кеңешинин ““Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясы жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Токмок ш. ММБсы тарабынан, Токмок шаардык кеңешинин 26.04.2006-ж. токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 8-беренесине ылайык, 2-бөлүмдүн 2.1. жана 2.3 пункттарына өзгөртүү киргизүү менен, Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясы жөнүндө жаңы Жобо иштелип чыксын.
3. Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясы “Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясы жөнүндө” Жобонун жаңы редакциясы бекитилгенге чейин Токмок шаардык кеңешинин 26.04.2006-ж. токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерине” ылайык иштесин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага
Т.Солтобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Постановление Токмокского городского кенеша от 26 апреля 2006 года № 146/28-1 "О новой редакции "Правил застройки и землепользования в городе Токмок"Постановление · 26.04.2006 · № 146/28-1
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон