# Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 38/8-4 "Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 38/8-4 "Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38/8-4
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/40055>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4253/edition/913264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/40055.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 38/8-4 "Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (22.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/40055

---

Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылынын 8-февралындагы № 124/17-4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын VIII сессиясы

2016-жылдын 22-декабры № 38/8-4 Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 15-декабрындагы отурумунун протоколунун негизинде, “Жетинчи апрелдин Баатырлары” КБнын тең төрагасынын 14.12.2016-ж. чыгыш №302 катына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-ж. №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү Жобонун 7-пунктуна жана Токмок шаардык кеңешинин 26.04.2006-ж. токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 8-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодекси жөнүндө”, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык кеңешинин 17.11.2016-ж. №29/7-4 токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамынан “Жетинчи апрелдин Баатырлары” КБнын мүчөсү – Калданов Мирбек Омурбекович чыгарылсын,

- комиссиянын курамына мүчө болуп - Киртенов Жамангул Камчыбекович “Жетинчи апрелдин Баатырлары” КБнын мүчөсү киргизилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.

Төрага

Т.Солтобаев
