# Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 39/8-4 "Токмок ш. турак жай маселелери боюнчакомиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 39/8-4 "Токмок ш. турак жай маселелери боюнчакомиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39/8-4
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/40053>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4252/edition/762690/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/40053.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 39/8-4 "Токмок ш. турак жай маселелери боюнчакомиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (22.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/40053

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2016-жылдын 22-декабры № 39/8-4 Токмок ш. турак жай маселелери боюнчакомиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын 15.12.2016-ж. чыгыш № 2100 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, кадрдык өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12-беренесинин негизинде, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 19-декабрындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамынан комиссиянын төрагасы -Чокеев К.К., Токмок ш. вице-мэри чыгарылсын;

Комиссиянын курамына төрага болуп – Ступников С.В., Токмок ш. вице-мэри киргизилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.А.Солтобаев
