Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29 декабрындагы № 44/9-4 «Колхоз көчөсүн асфальтбетон менен төшөөгө орточо оңдоо жөнүндө долбоорду кошо каржылоо жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын IХ кезексиз сессиясы
2016-жылдын 29 декабры № 44/9-4 Колхоз көчөсүн асфальтбетон менен төшөөгө орточо оңдоо жөнүндө долбоорду кошо каржылоо жөнүндө Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 2016-жылдын 28-декабрындагы чыгыш №2150/1-4 Колхоз көчөсүн асфальтбетон менен төшөөгө кошо каржылоо жөнүндө долбоорду үлүштүк каржылоого 2017-жылы шаардык бюджеттен каражат кароо жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 29-декабрындагы отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Колхоз көчөсүн асфальтбетон менен төшөөгө кошо каржылоо) долбоору боюнча үлүштүк каржылоого төлөм жүргүзүү үчүн 2017-жылга шаардык бюджеттин долбоорунда “Турак жай-коммуналдык кызматтары” бөлүмүндө долбоордун жалпы сметасынын наркынын 25% өлчөмдө 498863 (төрт жүз токсон сегиз миң сегиз жүз алтымыш үч) сом өлчөмүндө акча каражат каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага
Т.А.Солтобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-июнундагы № 145/22-4 "Токмок шаардык кеңешинин токтомдорун аткарылышынын жүрүшү жана көзөмөлдөн алып салуу жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2018 · № 145/22-4
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон