# Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-декабрындагы №48/9-4 "Токмак, Мира, Дубовицкий, Шамшы, 50 лет Киргизии, Гагарин, Совет, С.Ибраимов, Жантаев көчөлөрү боюнча жарыктандыруу лампасын алмаштыруу жөнүндө долбоорду кошо каржылоо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-декабрындагы №48/9-4 "Токмак, Мира, Дубовицкий, Шамшы, 50 лет Киргизии, Гагарин, Совет, С.Ибраимов, Жантаев көчөлөрү боюнча жарыктандыруу лампасын алмаштыруу жөнүндө долбоорду кошо каржылоо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 48/9-4
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/40026>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/40026/edition/762345/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/40026.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-декабрындагы №48/9-4 "Токмак, Мира, Дубовицкий, Шамшы, 50 лет Киргизии, Гагарин, Совет, С.Ибраимов, Жантаев көчөлөрү боюнча жарыктандыруу лампасын алмаштыруу жөнүндө долбоорду кошо каржылоо жөнүндө"токтому (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/40026

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын IХ кезексиз сессиясы

2016-жылдын 29-декабры №48/9-4 Токмак, Мира, Дубовицкий, Шамшы, 50 лет Киргизии, Гагарин, Совет, С.Ибраимов, Жантаев көчөлөрү боюнча жарыктандыруу лампасын алмаштыруу жөнүндө долбоорду кошо каржылоо жөнүндө Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 2016-жылдын 28-декабрындагы чыгыш №2150/1-4 Токмак, Мира, Дубовицкий, Шамшы, 50 лет Киргизии, Гагарин, Совет, С.Ибраимов, Жантаев көчөлөрү боюнча жарыктандыруу лампасын алмаштыруу жөнүндө долбоорду үлүштүк каржылоого 2017-жылы шаардык бюджеттен каражат кароо жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 29-декабрындагы отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Токмак, Мира, Дубовицкий, Шамшы, 50 лет Киргизии, Гагарин, Совет, С.Ибраимов, Жантаев көчөлөрү боюнча жарыктандыруу лампасын алмаштыруу) долбоору боюнча үлүштүк каржылоого төлөм жүргүзүү үчүн 2017-жылга шаардык бюджеттин долбоорунда “Турак жай-коммуналдык кызматтары” бөлүмүндө долбоордун жалпы сметасынын наркынын 25% өлчөмдө 954327 (тогуз жүз элүү төрт миң үч жүз жыйырма жети) сом өлчөмүндө акча каражат каралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.

Төрага

Т.А.Солтобаев
